Ош шаардык мэриясынын «Санарип Ош» муниципалдык ишканасы «УМС» автоматташтырылган маалыматтык системасынын (муниципалдык менчикти башкаруу) техникалык тапшырмасын иштеп чыгууну ийгиликтүү аяктады.
Бул долбоор муниципалдык менчикти башкаруунун ачыктыгын, натыйжалуулугун жана санариптик көзөмөлүн жогорулатууга багытталган.
Адистер учурдагы процесстерди талдап, системанын функционалдык талаптарын аныктап жана түзүмдөр ортосундагы санариптик өз ара аракеттенүүнүн моделин иштеп чыгышты.
АИС «УМС» ишке киргизилгенден кийин:
- маалыматтарды иштетүү убактысы кыскартылат;
- адамдык фактор азаят;
- муниципалдык менчиктин бирдиктүү реестри түзүлөт;
- отчеттуулук жана башкаруу деңгээли жогорулайт.
Бул долбоор Ош шаарындагы санариптик өзгөрүүнүн маанилүү кадамы болуп, мэриянын «Санарип Ош» стратегиялык багытына толук шайкеш келет.