“Санарип Ош” муниципалдык ишканасы — Ош шаарынын санариптик трансформациялоо муниципалдык ишканасы.

Муниципалдык ишкана заманбап санариптик чечимдерди киргизүү, шаарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу максатында түзүлгөн. Ишкананын негизги миссиясы-Ош шаарын өнүктүрүүнүн “акылдуу” моделине өтүүнү камсыз кылуу, анда маалыматтык технологиялар муниципалдык кызматтардын ачыктыгына, ыңгайлуулугуна жана жеткиликтүүлүгүнө өбөлгө түзөт.

Ишкананын негизги милдеттери:

  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн санариптик платформаларды иштеп чыгуу жана киргизүү;
  • шаардык инфраструктураны башкаруунун бирдиктүү системасын түзүү;
  • “Акылдуу шаар” сервистерин өнүктүрүү (транспорт, экология, ЖКХ, коопсуздук);
  • тургундардын санариптик сабаттуулугуна көмөктөшүү жана инновациялык демилгелерди колдоо;
  • муниципалдык маалыматтардын киберкоопсуздугун камсыз кылуу.

Биздин максат – Ош шаарын заманбап, технологиялык жана ар бир жашоочу жана мейман үчүн ыңгайлуу кылуу, мында башкаруу жана кызмат көрсөтүү процесстери максималдуу ачык, тез жана ыңгайлуу болуп калууда.